Охот деңизинде Орусиянын балык кармаган кемеси чөгүп кетти. Үч адам куткарылып, ал эми экипаждын калган алты мүчөсүнүн тагдыры белгисиз болууда. Адистердин айтымында, алар чөгүп кеткен кеменин ичинде болушу ыктымал. Аба-ырайынын бузулушу куткаруу иштерин баштаганга тоскоолдук кылууда. Кеменин чөгүү себептери азырынча тактала элек.