Түштүк Кореяда эки күн бою тынбай төккөн жаан кеминде эле тогуз адамдын өмүрүн алып кетти. Ал эми эки адам дайынсыз жоголууда. Көнөктөп куйган жаан күрүч талааларын жана айрым имраттарды жарактан чыгарды. Эки күн ичинде кыймыл токтогон жолдор эми ачылып, жашоо кайрадан жандана баштады.