АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Ричард Армитиж бүгүн Иракка келди. Американын Ирактагы элчилиги билдиргенге караганда, Ричард Армитиж Ирак өкмөтүнүн бардык жогорку даражадагы мүчөлөрү менен жолугары күтүлүүдө. Ал ага чейин Борбор Азияны кыдырып, Өзбекстан, Казакстан, Тажикистан жана Кыргызстан бийликтери менен жолугуп кайтты.