Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:34

АКШнын учактары Фаллужаны аткылады


АКШ куралдуу күчтөрү Саддам Хусейндин улуттук гвардиясынын командачылыгынын өкүлү колго түшкөнүн кабарлады. Генерал Хассан Тикритте туткундалды. Ага эл аралык коалициялык күчтөргө каршы террордук чабуулдарды уюштурган жана каржылаган деген айып тагылууда.

Америкалык куралдуу күчтөр Фаллужа шаарын аткылады. Аскерий адамдар билдиргенге караганда, көтөрүлүшчүлөр байырлайт деп боолголонгон үйлөр бутага алынды. Соңку кабарларга караганда, 11 адам набыт болду. Алардын ичинде аялдар жана жаш балдар да бар. Тактала элек маалыматтарга караганда, Тикритте миналанган машина жарылып, полициянын эки кызматкери набыт болду. Кечээ Ирактын юстиция министринин өмүрүнө кол салуу болуп, ал аман калды.

XS
SM
MD
LG