Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

Газада башаламандык уланууда


Хан-Юнис шаарында палестиндердин куралчан тобу чалгындоо кызматтын кеңсесине кол салды. Ал жакта камакта жаткандарды бошоткондон кийин имаратты өрттөп жиберишкен. Бул кол салууну “Ал-акса азапчылары” тобу деп аталган куралчан топ моюнга алып, бул катылуу Ясыр Арафаттын өз жакын тууганын коопсуздук кызматынын башына койгонуна жооп болгонун билдирди.

Газада кечээ миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан. Алар дагы палестинанын коопсуздук кызматынын жетекчилигине Ясыр Арафаттын аталаш бир тууганынын дайындалышына нааразычылык билдиришкен болчу. Газадагы башаламандыктан улам Палестин өкмөт башчысы Ахмад Корей отставкага кетээрин билдирсе, Ясыр Арафат анын арызына кол коюдан баш тарткан. Бүгүн Ясыр Арафат премьер-минитср Ахмад Корейди кабыл алып, өкмөттөгү кризисти талкуулашты.
Ал эми Израилдин юстиция министри Йосеф Лапид бул жагдайда мындай деп билдирди:

-Палестин өкмөт башчысы Ахмед Корей Арафаттын саясатынын жемишин татып атат. Арафат коррупцияны калкалайт. Ал ар кандай өз ара атаандашкан 12 коопсуздук кызмат түздү. Израил менен сүйлөшүүлөрдүн токтоп калганы үчүн Арафат жооптуу. Палестиндер өлкө башында ушундай адам турганы үчүн азап чегип жатышат, -деди Израил министри.

Ал эми Газадагы демонстранттар Ясыр Арафаттын аталаш бир тууганы Муса Арафат Газадагы башламандыкка чекит кое албайт деген тынчсыздануусун билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG