Белград. Сербиянын премьер-министри Воислав Коштуница өлкөнүн аскердик кылмыштар боюнча Эл аралык сот менен кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу зарыл деген билдирүү жасады. Коштуницанын пикиринде, Сербия үчүн бул өтө татаал маселе жана аскердик кылмыштар боюнча трибунал менен кызматташуу жалпы улуттук консенсуска негизделиши керек. Буга чейин Сербиянын премьер-министри бир нече ирет Гаагадагы эл аралык соттун ишмердүүлүгүнө карата сын көз караштарын билдирип келген жана аскердик кылмыштарды жасаган деп айыпталган сербтерди Сербияда соттоо керек деген сунушун айткан.