Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Ирактын чет өлкөлөрдөгү элчилери дайындала баштайт


Багдад. Ирактын премьер-министри Айад Алави бүгүн дүйнөнүн 43 өлкөсүнө Ирактын толук ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындала турган дипломаттардын ысымдарын жарыялайт. Бул жөнүндө Алави кечээ Багдадда өткөргөн маалымат жыйынында билдирди. Премьер-министр Ирак эң оболу араб өлкөлөрү менен болгон дипломатиялык мамилелерин, саясий, экономикалык кызматташтыктарын калыбына келтирүүгө тийиш деп маалымдады. Ал ошондой эле, Ирактын соңку жылдары мамилелери начарлаган Кувейт жана Сауд Арабстан өлкөлөрү менен да кызматташтык алакалары жөнгө салынаарына ишеним артаары жөнүндө билдирди.

XS
SM
MD
LG