Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Израилдин премьер-министри Францияда жашаган жөөттөрдү Израилге көчүп келүүгө чакырды


Тел-Авив. Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон Францияда жашаган жөөттөрдү антисемиттик көрүнүштөргө кабылбоо үчүн Израилге көчүп келүүгө чакырды. Маалыматтарга караганда, соңку мезгилде Францияда антисемиттик иш-чаралар күчөп баратат жана көпчүлүк учурларда мындай көрүнүштөр Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын күчөшүнө байланыштуу болууда. Ариэл Шарон ошону менен бирге, Франциянын бийлиги өлкөдөгү антисемиттик көрүнүштөргө каршы чараларды көрүп жаткандыгын да белгиледи. Ал эми Франциянын тышкы иштер министрлиги Шарондун чакырыгына карата терс пикирин билдирди. Францияда 600 миңге жакын жөөт жашайт. Ал эми бул өлкөдө жашаган мусулмандардын саны 5 миллиондон ашуун.

XS
SM
MD
LG