Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Канада өзүнүн Ирандагы элчисин чакырып алды


Тегеран. Кечээ Иранда канадалык журналист Захра Каземинин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча сот жараяны токтоп калгандыгына байланыштуу Канада өзүнүн Ирандагы элчисин чакыртып алды. Сот жараянына бул күнү Канаданын Тегерандагы элчисине кирүүгө уруксат берилген эмес. Маркум журналисттин адвокаты, белгилүү юрист, Нобел сыйлыгынын ээси Ширин Ибади жана башка адвокаттар документтерге кол коюудан баш тартышты. Ширин Ибади айым сот ишинин каралышына карата мындай пикирин билдирди:

- Мен бул сотту тааныбайм! Биз аны мыйзамсыз деп эсептейбиз! Мындай сот болушу керек эмес! Бизге ишти кароо аяктады, бардык процедуралар аягына чыкты деп маалымдашты. Буга нааразылык билдирип, Захра Каземинин апасы жана биз, адвокаттар сот залынан чыгып кеттик , - деди адвокат Ширин Ибади.

Журналистти өлтүргөн деп шектелип жаткан Ирандын коопсуздук кызматынын кызматкери Мохаммед Ахмадиге карата сот өкүмү бир аптадан кийин угузулат деп күтүлүүдө. Бирок адвокаттар белгилешкендей, Ахмадинин бул иште күнөөсү жок.

Канадалык журналист Захра Каземи бир жыл мурда Тегеранда Евин түрмөсүн сыртынан сүрөткө тартканы үчүн камакка алынган жана денесине келтирилген оор залакаттан улам түрмөдө каза тапкан.

XS
SM
MD
LG