Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Экономикалык программанын долбоорунун бет ачаары болду


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңеште Эл өкүлдөр жыйынынын өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү комитетинин төрагасы Жаныш Рустенбековдун демилгеси менен түзүлгөн «Төрт кадам» аттуу экономикалык программанын долбоорунун бет ачаар аземи болду. Ал программада өлкөнүн кен байлыктарынын негизинде мамлекеттик акционердик коом түзүп, аларды натыйжалуу пайдалануу жолу белгиленген. Бет ачаар аземге Экономика, өнөр жай жана тышкы соода Амангелди Муралиев баш болгон өкмөт өкүлдөрү катышып, документ иликтөөгө алынаарын билдиришти. Маалыматка караганда, бул программа Эл өкүлдөр жыйынынын күзгү сессиясынын кароосуна коюлат. Ал жерде кабыл алынса, андан кийин өкмөткө жиберилмекчи.

XS
SM
MD
LG