Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:53

Азия өнүгүү банкы кыргыз ишкерлерин кызматташууга чакырды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Азия өнүгүү банкынын Борбор Азия менен Ооганстандагы долбоорлоруна арналган жыйыны болду. Анын максаты банктын долбоорлору менен Кыргызстандагы консальтингдик компанияларды тааныштыруу жана аларды банктын долбоорлорун ишке ашырууга тартуу болду. Андан тышкары донорлордун долбоору бири-бирин кайталабай тургандай кылып иретке салуу тууралуу өткөн жылы кабыл алынган Рим декларациясын ишке ашыруу максатын да көздөдү. Аталган декларацияда донор мамлекеттер менен уюмдардын долбоорлорун ишке ашырууда эл аралык эксперттердин санын кыскартып, жергиликтүү адистерди көбүрөөк тартуу милдети алдыга коюлган. Ушундан улам Азия өнүгүү банкы кыргыз компания өкүлдөрүнө өз долбоорлору жөнүндө кеңири маалымат берип, долбоорго катышууга зарыл документтер менен тааныштырды.

XS
SM
MD
LG