Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Н.Танаев Бишкек эркин экономикалык аймагына барды


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Бишкек эркин экономикалык аймагына барып, ал жердеги ишканалардын абалы менен таанышты. Азыр аймакта кийим тигүүдөн самолет чыгарганга чейин иш кылган 70тен ашык ишкана иштеп, продукциянын 70 проценттин Канада, Кытай, АКШ жана КМШдагы мамлекеттерге экспорттойт. Былтыр аймакта 1 миллиард 425 миллион сомдук товар өндүрүлүп, андан мамлекетке 312 миллион сомдук салык түшкөн. Ал эми быйылкы жылдын алты айында 712 миллион сомдук продукция чыгарылып, анын 76 проценти экспорттолду. Андан алынган салык 140 миллион сомду түздү жана ал былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 41 процентке жогору.

XS
SM
MD
LG