БИШКЕК. Кыргызстандын шайлоо системасында эң талуу жер - бул шайлоочулардын тизмеси. Бул тууралуу 16-17-июлда Вена шаарында өткөн ЕККУнун «Шайлоо стандарттары» тууралуу жыйынына катышкан Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо технологиясы бөлүмүнүн башчысы Халима Бакирова бүгүн ЕККунун Бишкектеги өкүлчүлүгүндө өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, шайлоочулардын сапаттуу жаңы тизмесин түзүү үчүн көп каражат талап кылынат. Бирок азыркы учурда каражат жетишсиз, деп белгиледи Халима Бакирова. Ал эми «Акыйкат жана прогресс» партиясынын лидери Муратбек Иманалиев сапаттуу тизмени түзүү мүмкүнчүлүгү бар деген пикирин билдирди.
Шайлоочулардын тизмеси тууралуу маселе жүз миңдеген атуулдардын ички жана сырткы миграцияда жүрүшүнө байланыштуу чыгууда.
Шайлоочулардын тизмеси тууралуу маселе жүз миңдеген атуулдардын ички жана сырткы миграцияда жүрүшүнө байланыштуу чыгууда.