Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму канаттуунун сасык тумоосу Азияда жайылып кетиши мүмкүн деп эсептейт. Маселен Таиландда акыркы эки аптанын ичинде бул илдет өлкөнүн ар бир бешинчи провинциясындагы тоок фермаларда катталды. Таиланд тооктун этин экспорттоо жагынан дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Аталган эпидемия өткөн жылы Түштүк-Чыгыш Азиянын Таиланддан башка дагы алты өлкөсүндө катталган. Канаттуунун сасык тумоосу адамга жукса аны мерт кылышы мүмкүн.
Саламаттыкты сактоо уюму канаттуунун сасык тумоосу жайылып кетпеши үчүн чара көрүүнү эскертти