Пакистан армиясынын өкүлү, генерал Шаукат Султандын билдирүүсүнө караганда, кагылышуу өлкөнүн Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган тоолуу Түштүк Вазирстан аймагында орун алган. Уруш учурунда улуту өзбек деп болжолдонгон эки согушкер мерт болду. Жаракат алган бир нече согушкер качып кетүүгө үлгүргөн жана аскерлер азыр аларды издөөдө.