Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:48

АКШ Мамлекеттик катчысынын орун басары Сеулга келди


Жон Болтон бул жерге Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келди. Ал Түштүк Кореянын башкалаасынан кабарчылар менен болгон маегинде буларды билдирди:

- Президент Жорж Буш Түндүк Кореянын өзөктүк программасынын айланасындагы кризисти чечүүнүн тынч жана дипломатиялык жолун табууга бекем ниеттүү. Биз өтө олуттуу сунуштарыбызды бергенбиз жана эми Түндүк Кореянын жообун күтүп жатабыз.

АКШ өз сунуштарын өткөн айда Пекинде болгон алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда жарыялаган эле. Ага ылайык эгер Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотууга көнсө, АКШ энергетикалык жактан кеңири жардам көргөзөт. Жон Болтон Түштүк Кореядан соң көп тараптуу сүйлөшүүлөрдүн башка катышуулары Жапонияга жана Кытайга да бармакчы.

XS
SM
MD
LG