Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Орусия президенти Генштабдын башчысын алмаштырды


Владимир Путиндин бүгүнкү жардыгына ылайык Генералдык штабдын башчысы Александр Квашининдин ордуна мурда анын орун басары болуп иштеп келген генерал Юрий Балуевкский дайындалды. Орус коргоо министри Сергей Иванов Генштабдын башчысынын алмаштырылышын армияны өнүктүрүүнүн жаңы баскысы башталганы менен байланыштырды.

Владимир Путиндин бүгүнкү жардыгы менен ошондой эле Орусиянын ички аскерлеринин командачысы Вячеслав Тихомиров, ички аскерлердин Түндүк Кавказ боюнча командачысы Михаил Лабунц, Федералдык коопсуздук кызмат башчысынын Түндүк Кавказды тейлеген орун басары Анатолий Ежов ээлеген кызматтарынан бошотулду. Түндүк Кавказ аскерий округунун командачысы алмаштырды. Түндүк Кавказ менен байланышкан кадрдык өзгөрүүлөрдүн себеби боюнча түшүндөрмө берилген жок. Бирок бул өткөн айда согушкерлердин Ингушетияга кол салуусунан кийин болуп олтурат. Себеби кызматтан бошотулган генерлдарга ошондо сөгүш берилген эле. Анда 90дой адам мерт болгон.

XS
SM
MD
LG