Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:29

Рольф Экеус Бишкекте расмий жолугушууларды өткөрөт


Бишкек. ЕККУнун улуттук азчылыктар иши боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус бүгүн өкмөт үйүндө президент Аскар Акаевдин кабыл алуусунда болот. Анда ЕККУ менен Кыргызстандын кызматташуусу, өлкөдөгү улуттук азчылыктардын абалы боюнча сөз болот. Андан сырткары Рольф Экеустун тышкы иштер министри Аскар Айтматов, билим берүү министри Мустафа Кидибаев, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министринин орун басары Бахтияр Фаттахов менен жолугушуусу белгиленген. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Марина Дмитриева Экеустун сапары тууралуу буларды билдирди:

- Сапардын негизги максаты өлкөнүн билим берүү системасындагы кырдаал жана улуттук азчылыктардын абалы менен таанышуу.

Анын айтымында, Рольф Экеус “Хаят” мейманканасында боло турган “Билим аркылуу интеграцияга” аттуу отчёттун бер ачар аземине катышмакчы.

Дүйнөлүк таңкы жаңылыктарды Прага шаарынан Азиза Турдуева даярдады.

XS
SM
MD
LG