Вашингтон. АКШ Гаагадагы эл аралык сотко 1999-жылдагы куралдуу чыр-чатак учурунда аскердик кылмыштарды жасаган деп күнөөлөнүп жаткан мурдагы серб генералы Ратко Младичти өткөрүп берүү сунушу менен чыкты. АКШнын аскердик кылмыштар боюнча элчиси Пьер Ричард Проспер Сербиянын президенти Борис Тадичке эл аралык трибуналга Младичтин өткөрүлүп берилсе, калган аскердик кылмышкерлерди Сербиянын өзүндө соттоого уруксат берилишине АКШ тарабынан жардам көрсөтүлөт деп маалымдады.