Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:31

Палестин автономиясындагы саясий кризис сакталууда


Палестин автономиясынын премьер-министри Ахмед Курейи отставканы талап кылууну улантууда. Башкача айтканда, автономиядагы саясий кризис чечиле элек. Буга чейин Курейи президент Ясир Арафатка премьер-министрдин кызматынан кетүү жөнүндө арыз бергенинин себебин палестин автономиясында соңку күндөрү орун алган башаламандык, кризистик абал менен түшүндүргөн. Бирок Арафат анын арызын канааттандырган жок. Ахмед Курейи ал Арафатка жолдогон арызы боюнча дагы эле жооп ала электигин билдирди:

- Мен отставка жөнүндө өтүнгөн арызым боюнча жазуу түрүндө жооп ала элекмин. Ошондуктан, бул маселе ачык бойдон калууда.

Кечээ Ясир Арафат өзүнүн аталаш тууганы генерал Муса Арафатты автономиянын коопсуздук кызматынын жетекчилигинен бошотту. Анткени, анын өткөн аптада бул кызматка дайындалышы палестиндердин катуу нааразылыгын жаратып, өлкөдөгү башаламандыктарга себеп болду. Буга байланыштуу премьер-министр отставка сурап, Арафатка кайрылган.

XS
SM
MD
LG