Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:28

21-июлда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматына караганда, 21-июлда Кыргызстанда жаан-чачындын болушу күтүлбөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 10-14 метрге жетет.

Абанын температурасы:
ТАЛАС аймагында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД, дубандарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градус ысык.
Сарыөзөн ЧҮЙДӨ түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32 градус.
ЫСЫККӨЛ, НАРЫН облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +17…+22 градус жылуу болот.
Ордо калаабыз БИШКЕКТЕ күн ачык болуп, батыштан мелүүн жел жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +30…+32 градуска жетет.


Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG