Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:37

Балдар кыймылы колдоого муктаж


БИШКЕК. Мындан ары Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептеринде балдардын кыймылын башкаруучу атайын кызматкер иштей баштайт. Мындай чечим жаштардын иштери боюнча өкмөт алдындагы координациялык кеңештин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн билдирди. Ал маалыматка караганда, бул кызмат жергиликтүү бюджеттин билим берүүгө каралган каражаты эсебинен каржыланат. Координациялык кеңеште андан тышкары облустук, райондук жана шаардык администрацияларда жаштардын иштери боюнча атайын комитеттерди түзүү сунушталды. Ал эми Билим берүү министрлигинин алдына балдар жана жаштар кыймылын колдоо боюнча чараларды иштеп чыгып, балдарга мектептен тышкары мезгилде ар тараптуу тарбия берүү системасын бекемдөө милдети коюлду.

XS
SM
MD
LG