БИШКЕК. «АКИ-пресс» маалымат агентигинин кабарына караганда, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов Түркияда бүгүн ийгиликтүү дарыланды. Маалыматка караганда, жазуучу Түркиянын Анкарадагы Аскердик академиясынын GATA аттуу ооруканада жүрөк-кан тамырлары кеңейтилди жана анын абалы эң жакшы. Чыңгыз Айтматовду Түркияда кыргызстандык алдыңкы адис дарыгер Сергей Чыналиев жана Кылычбек Жоошев коштоп жүрөт. Кардиология жана терапия улуттук борборунун директорунун орун басары Айнагүл Жумагулованын «Азаттыкка» маалымдоосуна караганда, кардиология борборунда жүрөк-кан тамырларын кеңейтүүчү аппараттын бузуктугуна байланыштуу дарылоону Түркияда жүргүзүү тандап алынган.