БИШКЕК. 20-июлда Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умарзак Узбеков маалымат жыйынын өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуунун абалына токтолду. Элчи өз сөзүндө вице-премьер-министр Базарбай Мамбетовдун «Казакстан өзүнө алган милдеттерди аткарбай жатат» деген билдирүүсүнө кошулбасын билдирип, ага карата бир катар жүйөөлөрүн келтирген. «Маселен,- дейт элчи,- эки өкмөт кол койгон эл аралык автомобилдик каттам тууралуу келишим 14-июндан тартып күчкө кирип, ага ылайык кыргыз автоунаалары Казакстан аймагынан уруксатсыз өтүүгө укук алды. Энергетика тармагында кызматташуу ийгиликтүү болуп, казак тарап алууга милдеттенген 1 миллиард 100 миллион килловат саат энергиянын 528 миллион килловат саатын сатып алды. Жалпысынан эки мамлекеттин өз ара пайдалуу кызматташуусу өнүгүү жолунда».