БИШКЕК. Адам укуктары боюнча эл аралык Хельсинки федерациясынын аткаруучу директору Ароон Рудз Европа өнүктүрүү банкынын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан боюнча кеңсесининин директору Майкл Давейге кат жөнөттү. Анда банктын Кыргызстандагы иштери боюнча жаңы стратегиясын даярдоодо бул өлкөдөгү адам укуктарын бузуу фактыларын эске алууну өтүндү. Катта жыйналыш өткөрүү, тынч түрдө чогулуп, өз пикирин билдирүү үчүн демонстрация өткөрүү укуктарынын бузулушу, оппозициячыл маанайдагы партиялар менен укук коргоочуларды куугунтуктоо, кыйноолор менен орой мамиле кылуу, өлүм жазасын берүү жана соттордун көз карандылыгы боюнча өткөн жыл менен ушул жылдын алты айы ичинде катталган фактылар тууралуу кеңири маалымат берилген. Андан тышкары катта Кыргызстандын экономикалык абалы кооптуу деген баа берилип, ага бардык тармакта коррупциянын тамыр жайып, эл аралык каржы институттарынан берилген каражаттын элге жетпей, мамлекеттик кызматкерлердин чөнтөгүндө калаары эскертилген. Ал эми Европа банкынын Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрү кат боюнча маалымат кийинчерээк берилээрин кабарлашты.