Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Филиппин аскерлеринин Ирактан чыгарылышы сынга алынууда


Багдад. АКШнын Ирактагы аскер жетекчиси, генерал Жон Абизейд Филиппин өкмөтүнүн өз аскерлерин Ирактан чыгарып кеткендигине карата сын-пикирин билдирди. Генерал белгилегендей, экстремисттердин талабын аткаруу алардын террордук иш-аракеттериндеги ишенимди пайда кылышы ыктымал. Иракта козголоңчулар тарабынан барымтага алынган филиппин атуулу Анжело де ла Круз кечээ бошотулду. Барымтачылар эгерде Филиппин өкмөтү Ирактагы аскерлерин 20-июлга чейин алып чыгып кетпесе, 8 баланын атасы, 54 жаштагы Анжело де ла Круз өлтүрүлөт деп эскертишкен. 19-июль күнү Филиппиндин аскерлери толугу менен Ирактан чыгарылган.

XS
SM
MD
LG