Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Грузиянын аскерлери чыр-чатактуу аймакта кала берет


Тбилиси. Грузия өзүнүн аскерлерин грузин-осетин чыр-чатагы болуп келаткан зонадан азырынча чыгарбайт. Мындай билдирүүнү президент Михаил Саакашвили кечээ Ажариянын жаңыдан шайланган Жогорку Кеңешинин отурумунда жасады. Саакашвили Орусия менен кол коюлган Түштүк Осетия боюнча макулдашуулар Грузиянын кызыкчылыктарына каршы келе турган болсо, алардан чыгууга жана аларды денонсациялоого даяр экендигин билдирди.

1992-жылдын июль айында Орусия менен Грузиянын ортосунда Түштүк Осетиядагы кандуу чыр-чатакты жөнгө салуу принциптери каралган Дагомыс макулдашуусуна кол коюлган. Ага ылайык Түштүк Осетияга бейпилдикти орнотуу күчтөрүнүн киргизилиши менен, аймактагы кан төгүү токтотулган.

Президент Саакашвилинин бул келишим боюнча билдирүүсүнө карата Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Дагомыс макулдашуусунан чыгуу Грузиянын өз иши, бирок мындай кадам аймакта кайрадан чыр-чатактын башталышын шартташы мүмкүн деп билдирди.

Ал эми Түштүк Осетиянын президенти Эдуард Кокойты Саакашвилинин билдирүүсүн региондо кырдаалды күчөтүү максатында жасалган акция катары баалады.

XS
SM
MD
LG