Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Палестинадагы саясий кризис уланууда


Газа. Палестин автономиясындагы саясий кризис али чечиле элек. Автономиянын министрлер кабинетинин мүчөсү Саюб Эрекат билдиргендей, автономиянын жетекчиси Ясир Арафат премьер-министр Ахмед Корейинин отставка жөнүндөгү арызын канааттандыруудан дагы эле баш тартууда. Ал эми Корейи кызматынан чегинүү жөнүндөгү чечимин өзгөртпөй тургандыгын маалымдады.

Кечээ Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Палестин автономиясы “катаал кризистин” алдында турганын эскертип, Ясир Арафатты өкмөт мүчөлөрүнүн пикирин угууга жана коопсуздук күчтөрүн өкмөттүн көзөмөлү астына койууга чакырган. Кофи Аннандын пикиринде, Палестин автономиясындагы саясий кризис Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараяндарына өзүнүн терс таасирин көрсөтүүдө. Палестинадагы кризис Ясир Арафат тарабынан анын аталаш туугуны Муса Арафаттын автономиянын коопсуздук кызматынын жетекчилигине дайындалышына байланыштуу башталган. Кечээ автономиядагы нааразылыктардан улам Муса Арафат кызматынан алынды.

XS
SM
MD
LG