Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

Таласта көп кабаттуу үйдө жащоочулардын семинары аяктады


ТАЛАС. Евразия фондунун көмөгү менен ишке ашырылып жаткан долбоор боюнча үч күндүк семинар Талас шаарында аяктады. Кыргызстандын калкынын болжолу менен 25-30 пайызы шаарлардагы, поселоктордогу көп кабаттуу үйлөрдө жашашат. Ал эми турак үйлөрдүн дээрлик баардыгы жеке менчикке өткөнү менен жашоочулар өз үйлөрүнүн коммуналдык тейлөө тармагын өз колдоруна алыша элек. Ушул маселелердин тегерегинде Талас шаарынын электр энергия, жылуулук, суу берүү, канализация жана башка тейлөө кызматынын адистери менен жетекчилери, шаар бийлигинин өкүлдөрү көп кабаттуу үйлөрдүн, жамааттык бирикмелеринин лидерлери үч күн бою өз ара кызматташуунун жаңы шарттарын үйрөнүп иликтешти. Бул багытта аларга үлгү катары Чүй облусундагы турак үй кожоюндарынын аймактык "Чүй конуш" деп аталган бирикмесинин алдыңкы тажрыйбасы сунушталды. 35 миңге чукул калкы бар Талас шаарында ушул мезгилде 5 кондоминимум түзүлдү. Бирок алардын аты болгону менен ишти жөндөп жүргүзө албай жаткандыгы айтылды. Шаар жашоочуларынын электр энергияга 35 млн. сом, жылуулук үчүн 3 млн. 900 миң сом, суу үчүн 1 млн. 800 миң сом карызды өндүрүү кыйын болууда.

XS
SM
MD
LG