Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:54

Темир жолчулар атаандаш профсоюз түзүштү


БИШКЕК. Кыргызстандын темир жолчулары «Темир жолчу жумушчулардын кесиптик бирлиги» деп аталган республикалык тармактык алгачкы кесиптик бирлик түзүштү. Мындай маалымат бүгүн кесиптик бирликтин төрагасы Эрнис Докеновдон алынды. Анын айтымында, буга кыргыз темир жол башкармасында иштеген жумушчулардын укугун коргоо зарылдыгы түрткү болду. Жумушчулар Кыргыз темир жол башкарма жетекчилигинин мыйзам бузууларына нааразылык билдирип, акыркы жылдары үч жолу ачкачылык жарыялашып, укуктарын мыйзам чегинде коргоого муктаж болушкан. Азыр да айлык маяна, жамааттык келишим түзүү жаатында мыйзам бузуулар орун алгандыктан темир жолчу жумушчулардын жаңыдан түзүлгөн кесиптик бирлиги эң ириде маяна боюнча карызды тезинен берүүнү мекеме жетекчилигинен талап кылды. Эрнис Докеновдун айтымында, буга башкармалыктагы профсоюз жетекчиликтин гана мүдөөсүн аткарып калган.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG