Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Ирак коңшу өлкөлөрдөн коопсуздукту камсыздоого жардам сурады


Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари бүгүн Каирде коңшу мамлекеттердин расмий өкүлдөрү менен жолугушууда. Анын алдында Зебари мындай деди:

- Биз коңшулардан ирак элине ооз учунан эмес, иш жүзүндө жардам берип, ошондой эле, Ирактын жаңы суверендүү өкмөтүнө бейкуттукта жашаган, жоопкерчиликтүү жана коңшуларына ымалаш мамиледеги Иракты тикелөөгө колдоо көрсөтөт деп күтөбүз. Биз дал ушуну суранганы келдик.

Ирак өкүлдөрү коңшу мамлекеттер куралчандардын чек арадан өтүшүнө бөгөт койбостон, кээде аларга жардам берет деп кине коюп келатышат.

Бул - Кошмо Шттары баштаган коалициялык күчтөр бийликти Ирактын убактылуу өкмөтүнө июль айында өткөрүп бергенден кийин Ирак менен коңшуларынын алгачкы жолугушуусу.

XS
SM
MD
LG