Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

ХИЖАБДЫН ЧЫРЫ ТУМАНДУУ АЛЬБИОНГО ДА ЖЕТТИ


Британияда хижабды коргоо жыйыны түзүлдү. Аты айтып тургандай эле, мусулман аялдардын мамлекет тарабынан каржыланган Батыш Европанын окуу жайларында хижаб кийип, же башын жоолук менен ороп жүрүүсүн коргоону көздөйт. Хижаб маселеси келип “мусулман аялдар Британия сыяктуу секулярдык өлкөдө кандай кийинип жүрүшү шарт?” деген суроо туудурат.

Мусулман аялдар хижабчан же этеги жер чийген көйнөк кийип, башын жоолук менен ороп жүрүшү ислам динин талабы. Ошон үчүн алар хижабчан жүрүүгө укуктуу деп, ал үчүн күрөшүүнү максат кылган уюм Лондондо түзүлдү. Хижабды коргоо жыйыны деп аталган жаңы уюшманы британиялык мусулман аялдардын коому менен Британиянын мусулман ассоцациясы негиздеди. Уюм чү дегенде эле жалпы европалык акцияны баштады. Европада жаңы окуу жылы башталган биринчи күн 4-сентябрды - хижабга тилектештиктин эл аралык күнү деп жарыялады.

Хижабды коргоо кыймылынын жаралышына Британиянын мусулмандар кеңешинин өкүлү Шабана Хандын айтышынча, Франциянын мамлекеттик мектептеринде кыздардын хижабчан жүрүүсүнө тыйуу салуу жана Адам укугу боюнча Европа сотунун Түркиянын университеттеринде окуган келин-кыздардын хижабчан жүрүүсүн тыйууну колдоосу түрткү болду.
Бул эки чечим тең исламдын негиздерине карамандай каршы келет дейт Шабана айым:

-Мусулманчылык же ислам окуусу эркек менен аялдын кийимине бөлөк-бөлөк талап коёт. Менин оюмча, кийим аялдын тулку боюн, анын ичинде чачы менен денесин жаап туруш керек. Бул - талаптын бир бөлүгү.

Мындай пикирди бардык эле мусулмандар туура көрүшпөйт. Лондондогу Араб-Иран окуу борборунун кызматкери Али Нуризаде Куранда адептүүлүккө басым жасалып, эркек-аялдардын кандай кийим кийүүсү тактап көрсөтүлбөгөнүнө, түрдүү мусулман өлкөлөрүндө аялдар жергиликтүү салтка ылайык кийинишкенине көңүл бурат. Хижабды коргоо жыйыны сыяктуу “фунтаменталисттик” уюмдар, Нуризаденин айтымында, мусулмандар Британ улуттук партиясы сындуу ашынган оңчул топтордун кысмагына кабылып жаткандан пайдаланып, Европадагы бардык мусулмандардын үстүнөн контролдук кылууну каалашат:

-Алар Британияда жашаган мусулмандарды, эркектеринин көбү сакалчан, ал эми аялдары хижаб жамынып жүргөндөй көрсөтүүгө аракеттенишет жана радикализмдин идеяларын жакташат. Бул чындыкка жатпайт. Британиядагы мусулмандардын көпчүлүгү мен жана сизге, башка британ эркектерине жана аялдарына окшош. Алар европалыктарча кийинишет жана жаңы чөйрөнү кабыл алышкан.

Шабана Хан айым Британиядагы көпчүлүк мусулман аялдар батышча кийинип, “хижаб” кийүүнү милдет кылууга каршы экенин танбайт. Бирок өкмөт мусулмандарга кандай кийим кийүүнү таңуулабаш керек, хижаб адам укугуна байланыштуу маселе деп эсептейт ал.

Көпчүлүк мусулман диниятчылары, анын ичинде ай башында Британияга келип кеткен мисирлик таанымал шейх Юсуф ал-Карадавинин айтымында, “хижаб кийүү мусулман аялдардын диний парзы”.

Айрым мусулмандар хижабдын жактоочуларын Лондондун мэри Кен Ливингстон сындуу саясатчылардын колдогонун наамалык катары баалашат.

Али Нуризаденин сөзүнчө, британдар кадыресе мусулмандарды фундаменталистер менен чаташтырбаш керек:

-Британдар мени - Иранда мусулман бүлөдө чоңойгон, динди саясатка аралаштырууга каршы турган, демократияга ишенген мусулманды динди саясатка кийлигиштирүүгө аракет кылып, ислам өкмөтүн курууну көздөгөн адамдар менен чаташтырбаш керек. Менин да үнүмдү аларды уккандай эле угушу керек.

“Таймс” гезитинин ислам темасына адистешкен кабарчысы Энтону Браун да Британ өкмөтү мусулман жамаатына тегиз мамиле кылууга тийиш деген пикирге кошулат:

-Өкмөт эки ишти жасагысы келет. Ал чындап эле мусулман жамаатына колун сунуп, анын түйшүктөрүн түшүнүүгө аракет кылуудабыз демекчи. Бирок ошол эле учурда, башка бир жагдайда адам уккус көз караштарды түрдүү жолдор менен колдоп жатканы чындык.

Энтони Браундун жана башка бир катар талдоочулардын боолгошунча, хижабдан чыккан талкуу дагы бир далай мезгилге чейин түрдүү топтордун бүйүрүн кызытып, саясатчылар озуна талкуулаган маселе болот.
XS
SM
MD
LG