Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:30

Ош–Карасуу автожолундагы кырсык


ОШ. Карасуу-Ош жолунун төртүнчү километринде "Фольксваген Жетта" автомашинасы карама-каршы багытта келе жаткан "Судзуки" жеңил автомашинасы менен кагылышты. Аталган кырсыктын кесепетинен 5 адам окуя болгон жерде жан берди. Аман калган төртөө Карасуу райондук ооруканасына жеткирилди. Дарыгерлердин айтымында, жабырлануучулардын абалы бир кыйла оор. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев аталган жол кырсыгы "Фольксваген Жетта" автомашинасынын айдоочусу кууп өтүү эрежесин одоно бузуп, жогорку ылдамдыкта айдагандыктан чыккандыгын билдирди.
Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG