Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

КОРдун катчылыгы "тегерек үстөл" өткөрдү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте экспортту колдоо кызматын өнүктүрүүгө арналган "тегерек үстөл" талкуусу өттү. Анда интеллектуалдык менчик, стандарттар, сапат жана инфраструктура, ортомчулук, экспортту камсыздоо багыттарындагы проблемалар жана аларды чечүүнүн жолдору талкууланды. Ага президенттик администрациянын, өкмөттүн, улуттук банктын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. "Тегерек үстөл" комплекстүү өнүгүүнүн негиздери программасынын алкагында президенттик администрациянын экономикалык саясат бөлүмү жана өкмөттүн алдындагы илим жана интеллектуалдык менчик боюнча агенттиги тарабынан уюштурулду. Экспорттук кызмат маселелерине арналган алгачкы "тегерек үстөл" өткөн айда уюштурулган.

XS
SM
MD
LG