Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Калдыктарды сактоочу жайларды зыянсыздандырууга аракет жүрүүдө


БИШКЕК. Эртең Майлысуудагы уулуу заттардын калдыктарын сактоочу жайларды коопсуздандырууга грант бөлүү тууралуу долбоорго каржы министрлиги менен Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүгүү ассоциациясы кол коюшат. Ал эми кечээ Кажысайдагы уулуу заттардын калдыктарын сактоочу жайды реабилитациялоо боюнча түзүлүп жаткан долбоор экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинде талкууланды. Талкууга АКШнын жана Россиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин, Россиянын атом энергиясы боюнча агенттигинин, Калифорния университетинин улуттук лабораториясынын өкүлдөрү катышты. Учурда Россиянын атом энергетика тармагы Кажысайда долбоордук-иликтөө иштерин жүргүзүп, ага 160 миң доллар чыгымдоодо. Ал эми АКШнын мамлекетти департаменти бул ишке 400 миң доллар бөлүүдө.

XS
SM
MD
LG