БИШКЕК. Бүгүн баңгизаттарын жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча эл аралык бюро менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги баңгизаттарга каршы күрөшүүчү күч органдарына 130 миң доллар өлчөмүндөгү 4 “Нива”, 1 “УАЗ” микроавтобус жана байланыш каражаттарын белекке берди. Ал каражаттар прокуратура, ички иштер министрлигине, баңгизаттарын көзөмөлдөөчү агенттикке бөлүнүп берилди. Бул иш чара Кыргызстан менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы баңгизаттарга каршы күрөшүү келишиминин алкагында түзүлгөн 465 миң доллар өлчөмүндөгү долбоордун бир бөлүгү болуп эсептелет.
Баңги заттарын көзөмөлдөөчү агенттиктин башчысы Курманбек Кубатбековдун айтымында, үстүбүздөгү жылы Ооганстанда апийим көп өндүрүлгөндүктөн, ал жактан Кыргызстандын аймагына баңги заттарын аткезчилик менен ташып келүү кескин өскөн.