Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:17

«Рентонгрупп» боюнча сот иши башталат


БИШКЕК. Эртең Бишкек шаарындагы 1-май райондук соту «Рентонгрупп» компаниясына карата козголгон кылмыш ишин кароого киришет. Бул тууралуу аманатчылардын демилгечи тобунун мүчөсү Лилия Шаталова маалымдады. Кыргызстан аймагында 2001-жылдан бери иш жүргүзгөн бул компаниянын жетекчилиги карыздарын кайтарып бербей, былтыр качып кеткен. Болжолдуу маалыматтарга караганда, компания миңден ашык аманатчыга 263 миллион сомго жакын карыз. Ушул факт боюнча ички иштер министрлиги кылмыш козгогон. Ишти териштирүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөн. Ал эми алданган аманатчылар маал-маалы менен нааразылык акцияларын өткөрүп, бирок майнап чыгара албай келатышат.

XS
SM
MD
LG