Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

2005-жылдагы шайлоого мамлекет 100 миллион сомдон ашык каражат бөлөт


БИШКЕК. 2005-жылы боло турган парламенттик шайлоого 60 миллион сомдон, ал эми президенттик шайлоого 40 миллион сомдон ашык каражат сарпталат. Мындай маалымат Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевден алынды. Анын маалыматына караганда, шайлоо өткөрүүгө мамлекеттин өз каражаты гана жумшалып, чет мамлекеттердин же уюмдардын каражатын пайдаланууга жол берилбейт. Ал эми шайлоого даярдык көрүү, тактап айтканда, компьютердик техника сатып алууга, айнек үкөктөрдү даярдоого Германия өңдүү бир катар мамлекеттердин жардамы колдонулат.

Сулайман Иманбаевдин дагы бир билдирүүсү боюнча, парламенттик шайлоо өткөрүлүүчү айрым округдардын чеги жакын арада өзгөртүлөт. Буга депутаттар менен облустук шайлоо комиссияларынын айрым сунуштары негиз берүүдө.

XS
SM
MD
LG