Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Электр энергиясына баа көтөрүлүшү ыктымал


БИШКЕК. Электр кубатынын 1 кВт/саатын 60 тыйындын тегерегинде көтөрүү боюнча токтомдун долбоору даярдалып, министрликтер, комитеттер арасында макулдашуу жүрүп жатат. Бул тууралуу энергетика боюнча мамлекеттик агенттиктен бүгүн “Азаттыкка” билдиришти.

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын 1-апрелинен тартып Дүйнөлүк банктын миссиясынын сунушу боюнча ички рынокто электр кубатына тарифти көтөрмөк эле. Бирок өкмөт алдындагы энергетика боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Эмил Узакбаев бул иш чарага эл нааразы болот деген ойду негиздеп, мындай кадамга барбоону премьер-министрге билдирген эле.

Учурда 150 кВт/саатка чейин электр кубатын жаккандар анын ар бир кВт/саатын 43 тыйындан, ал эми андан ашык пайдалангандар 80 тыйындан төлөшөт.

XS
SM
MD
LG