Ооганстанда уруксатсыз контртеррордук операция өткөрдү деп күнөөлөнүп, азыр абакта жаткан америкалык топтон АКШлык аскерлери бир ай мурда ооган жаранын өткөрүп алганын ырастады.
Ырасмий Вашингтон Ооганстанда соттолуп жаткан береги америкалык үч жаран менен эч кандай байланышы жок экенин кечээ кайра билдирген эле.
Мамлекеттик департаменттин өкүлү Ричард Баучердин маалымдашынча:
- Мен ачык айтып коёюн: Кошмо Штаттары бул адамдарды ишке жалдаган же каржылаган эмес. Биздин элчилик муну Ооганстанда да ачык айкын айтты,-деген эле Баучер.
Абакта отурган топтун баштоочусу Жонатан Идема шаршемби күнү анын адамдарынын террорго каршы күрөшүү аракетин Коргоо министри Доналд Рамсфелддин кеңсеси колдогонун билдирген.