МОСТАР. Бүгүн Босния Герцоговинадагы Мостар шаарынын Эски көпүрө деген көпүрөсүнүн кайра ачылуу аземи өткөрүлөт. Ага Балкан өлкөлөрүнүн жана Еврошериктештиктин 50дөн ашык расмий өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлөт. Неретва дайрасынын эки жээгин бириктирип турган көпүрө 1566-жылы Түрк-Осмон империясынын доорунда салынган. 1993- жылы Босния согушунун учурунда көпүрө босниялык хорваттардын танкалык аткылоосунан кыйрап калган. Көпүрөнү кайра калыбына келтирүүгө кеминде 15 миллион доллар сарпталып, ал каражатты топтоого Түркия, АКШ, Нидерланддар, Хорватия жана эл аралык уюмдар салым кошту. Көпүрөнүн курулушунда жаңы материалдар менен катар эле анын кылымдардан берки эски кыштары пайдаланылды. Босниянын эл аралык администрациясынын башчысы Падди Эшдаун көпүрөнүн ачылуусун көп улуттуу Боснияда тынчтыктын орношуна карай жасалган маанилүү кадам катары сыпаттады.