Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:28

Пауэл Болгарияны Ирактан аскерлерин чыгарып кетпегени үчүн мактады


ВАШИНГТОН. Американын тышкы иштер министри Колин Пауэл Болгарияны Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүүдөн баш тарткандыгы үчүн мактады. Пауэлдин айтымында, Болгариянын туруму барымтачылардын талабына баш ийип берген Филиппиндердин аракеттерине карама-каршы келген позиция. Пауэлдин көз карашында, өз жаранын аман алып калуу үчүн 51 кишиден турган бейпилдик контингентин Ирактан чыгарып кетүү менен Филипин өкмөтү өтө коркунучтуу кадам жасады. Буларды Пауэл Болгариянын тышкы иштер министри Соломон Пасси менен Вашингтондо өткөн жолугушуудан кийин журналисттерге билдирди. Пауэл ошондой эле жакында барымтага алынган эки болгар жаранынын тагдырына кайгырып турганын кошумчалады. Ирактагы согушкерлер болгариялык барымта туткундарынын биринин башын алган, экинчи туткундун тагдыры белгисиз бойдон кала берүүдө.

XS
SM
MD
LG