Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

24-июлга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!
Синоптиктердин берген маалыматы боюнча 24-25-июль күндөрү жаандын тынымсыз жаашынан улам республиканын тоолуу аймактарында жана тоо этектеринде сел жүрүп, дарыя-өзөн суулардын деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.

Бүгүн 24-июлда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +27…+32 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +13…+18, күндүз +25…+30.
ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +29…+34 градус.
БАТКЕН аймагында түнкүсүн +17…+22, күндүз +28…+33.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +12…+17, күндүз +20…+25 градус жылуу.
Тоолуу НАРЫНДА түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27 градус болот.
БИШКЕК шаарында күн күркүрөп, өткүн өтөт. Абанын температурасы түнкүсүн +20…+22 градус жылуу, ал эми күндүз +29…+31 градус ысык болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG