Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:33

Милиция кызматкерлерине жергиликтүү бюджет 1 миллион сомго жакын карыз


ТАЛАС. Облустук ички иштер башкармалыгынан алынган маалыматка караганда, Талас району 450 миң сомго чукул, Манас району 125 миң сомдон ашуун карыз болушуп, күзгү түшүм маалында эсептешүүгө убада кылып жатышат. Айлап, жылдап маяна алышпаган участкалык милиционерлер аргасыздан айыл жеринде кеңири орун алган мал уурдоочулар менен жең ичинен тил табышып күн көрүүгө мажбур болушат деп тыянак чыгарышат жергиликтүү укук коргоо органдарынын айрым өкүлдөрү. Быйылкы жылдын алты айында облус боюнча мал уурдоо кылмыштарынын 48 фактысын каттоодон өткөрбөй коюшкандыгын мунун далили катары келтиришет. Милиционерлер тарабынан кылмыштарды жашырып коюнун бул фактыларын облустук прокуратура таап чыккан.

XS
SM
MD
LG