Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:30

Чыр-чатактарды алдын алуу «тегерек үстөлдө» талкууланды


БАТКЕН. Кыргызстандагы улуттук "Кызыл жарым ай" коому уюштурган бул жыйынга аталган уюмдун Тажикстан менен Өзбекстандагы өкүлдөрү, үч өлкөнүн Баткен, Исфара жана Сох райондорундагы чектеш айылдардын башчылары, айрым жашоочулары катышты. Кошуна өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коомунун иш аракеттери, мина коркунучун калкка жеткирүү, чыр-чатактардан жабыр тарткандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүү программалары менен тааныштыруу максатын көздөгөн бул жыйында үч өлкөнүн чегара аймагында көйгөйлүү маселелердин көптүгү, Тажикстандын Өзбекстанга чектеш аймактарында мина маселеси Кыргызстандагыдан алда канча курч экендиги белгиленди. Акырында тараптар мындан ары биргелешип иштөө тууралуу макулдашып, кийинки жылдан тарта мина коркунучун калкка түшүндүрүү, чек ара аймактарында улуттар аралык мамилелерди чыңоо жана чукул кырдаалдык учурда алгачкы жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш чараларды, окууларды өткөрүп турууну белгилешти.

XS
SM
MD
LG