Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:09

Кыргыз-өзбек чегарасына байланышкан Фергана жолугушуусу натыйжа берген жок


БАТКЕН. Өзбекстандын Фергана облусунда 19-июлда башталган кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасын аныктоо боюнча эксперттердин кезектеги отуруму 22-июлда соңуна чыкты. Отурумга катышкан Баткен облус губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбековдун 23-июлда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, анда Баткен жана Кадамжай райондору менен Өзбекстандын Сох району ортосундагы талаштуу аймактар каралды. Бирок эксперттер талаштуу аймактар боюнча бир пикирге келе алышпай, кийинки жолугушуга дейре маселени тереңдеп изилдөөнү чечишти. Ошентип бул жолку жолугушууда чегара тилкесинин бир метри да аныкталган жок. Кыргыз-өзбек чегарасы боюнча кийинки сүйлөшүү август айында Ташкен шаарында өтөт. Баткен облусу Өзбекстандын 6 району менен чектешип, андагы мамлекеттик чегаранын узундугу 375 чакырым аралыкты түзөт. Анын ичинен 209 чакырымы буга чейин делимитацияланган. Ал эми жалпы узундугу 1295 чакырым келген кыргыз-өзбек мамлекеттик чегарасынын миң чакырымдайы буга дейре делимитацияланган.

XS
SM
MD
LG