Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Куловдун арызын Сокулук райондук соту кабыл алган жок


БИШКЕК. Сокулук райондук соту «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууга байланыштуу арызын кабыл алган жок. Бул тууралуу бүгүн партиянын төрага орун басары Эмил Алиев «Азаттыкка» кабарларды. Анын айтымында, райондук сот муну арызда №19 түрмөнүн токтому тиркелиши зарыл экендиги менен байланыштырды. Мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу Куловдун өтүнүчүнө түрмө жетекчилиги токтом аркылуу эмес, кат түрүндө жооп берген. Бул катта Феликс Куловдун жаза мөөнөтү 2005-жылдын ноябрында аяктаары тууралуу айтылган жана анын бирден көчүрмөлөрү Феликс Куловдун жана акыйкатчы Турсунбай Бакир уулунун наамына жолдон. Мындай маалымат буга чейин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынан алынган. Турсунбай Бакир уулу жума күнү «Азаттыкка» түрмө мекемесинен жооп кат албаганын билдирди. Юстиция министрлигине жолдогон катында Турсунбай Бакир уулу Куловдун суранычына ылайык акыйкатчынын жүргүзгөн эсеби боюнча Куловду мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учуру 5-августка туура келерин билдирген.

XS
SM
MD
LG