Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Журналист Асхат Шарипжандын сөөгү жерге берилди


Алматыда жол кырсыгынан каза тапкан оппозициячыл журналист Асхат Шарипжандын сөөгү жерге берилди. Анын тажыясына жүздөгөн адамдар чогулушту. Асхат Шарипжан караңгы көчөдө машине коюп кеткенден кийин төрт күн бою эсине келбеген бойдон ушул шейшембиде кайтыш болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу каадасына Казакстандын маалымат министри Алтынбек Сарсенбаев да катышып, ички иштер органдары журналисттин бейажал өлүмү кылдат териштирилгенине коомчулукту ынандырышы зарыл деп белгиледи. Казакстандык көз карандысыз журналисттер менен оппозициячыл саясатчылар Шарипжандын өлүмүнө өкмөттүн тиешеси бар деп айыптап жатышат. Тергөө органдары андай айыптоону четке кагууда.

XS
SM
MD
LG