Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:47

Чолпонатада жаш таланттардын эл аралык фестивалы башталды


КАРАКОЛ. Чолпоната шаарында "Ысыккөлдүн жылдыздары" аттуу жаш таланттардын эл аралык фестивалы башталды. "Мээрим" эл аралык кайрымдуулук фондусунун демилгеси менен уюштурулуп жаткан эл аралык бул фестивалга Орусиядан, Монголиядан, Индиядан, Борбордук Азия мамлекеттеринен жана республиканын бардык облустарынан таланттуу жаштар өнөр сынагынан өтүшөт. Фестивалдын катышуучулары үчүн көңүлдүү эс алуу программалары да бар. Маселен, Ысыккөлдүн ажайып жаратылышы менен таанышып, ар өнөргө ышкыбоз жаштарга өнөрдүн көпүрөсү болгон чыгармачылыктын байланышын чыңдоого кеңири мүмкүнчүлүктөр берилет. Ошондой эле Чолпоната шаарындагы балдардын реабилитациялык борборуна кайрымдуулук концерт тартуулашат.

XS
SM
MD
LG