ТАЛАС. Табигый кырсыктан жапа чеккен Манас районундагы Нылды айылынын жашоочуларына өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чукул жардамы кечигип жатат. Манас районундагы бийик тоолуу Кайыңды айыл өкмөтүнө караштуу Нылды айылына 19-июль күнү кечки саат алты чамасында мөндүр аралаш жааган өткүндөн Сөгөт, Кичисарыбулак өзөндөрүнөн айылга сел түшкөн. Натыйжада Ташарык каналынан 140 метрдей, Чоңарык каналынан 30 метрдей, Тынбас арыгынан 80 метрдей жерди сел алып, каналдарга кум, таш толуп калган. Төрт фермердин картошка аянты жуулуп, эки адамдын турак үйүнө залал келтирилди. Кырсык тууралуу райондук, облустук өзгөчө кырдаалдар мекемелерине эртеси эле билдиришкен. Бирок бул эки структура бири-бирине шылтап, ушул кезге чейин материалдык чыгымдын көлөмүн аныктап, зарыл документтер толтурула элек. Жардам үчүн суралган оор техника али бара элек. Сугат аянттарындагы айыл-чарба өсүмдүктөрү куурап кетпеши үчүн эл бузулган каналдарды ашар жолу менен оңдоого киришти. Булар туурасында Нылды айылынын жашоочулары 24-июль күнү маалымдашты.